2023-жылы каржы пирамидасы боюнча 40 адам жоопко тартылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 2023-жылы каржы пирамидаларына байланыштуу 358 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 217 иш сотко жөнөтүлгөнүн, 98и боюнча ушул тапта тергөө иштери улантылып жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, каржы пирамидасы боюнча кылмыш иштеринин көбү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында болгон. Жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон көп деп эсептелген. Козголгон иштерге байланыштуу 40 адам жоопко тартылган.

Кыргызстанда каржы пирамидасынан жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. Адистер аны баштаган саналуу адамдар гана киреше таба аларын, калгандарында андай мүмкүнчүлүк болбой турганын, бул кадимки алдамчылык экенин эскертип келишет.

Каржы пирамидаларына акчасын алдатып, сызга отуруп калгандар көп. Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин кабарлап келет. (BTo)

Дагы караңыз

Турак жай үлүшчүлөрүнүн көйгөйүн атайын комиссия карашы керектиги айтылдыАфтандил Жоробековдун соту 12-мартта уланатКызамыкка чалдыккандардын саны эки айда 4 миң адамдан аштыБишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармагы” Финансы министрлигине өткөрүлөтНавальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартта өтөтContact акча которуу системасы Тажикстандагы ишин токтоттуМолдокматовдун адвокаты саясатчыны ооруканага жаткыруу керек экенин айтты