Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:17

Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармагы” Финансы министрлигине өткөрүлөт


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ).
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ).

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун 28-февралдагы кезексиз жалпы чогулушунда Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жана “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасын Финансы министрлигине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди. Ал Бишкек ЖЭБи менен “Бишкек жылуулук тармагы” Финансы министрлигине убактылуу өтөрүн, кийин мамлекеттик ишкана түзүлөрүн айтты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы “Электр станциялары” жана “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомдорунун каржылык абалын жакшыртуу жөнүндөгү токтомуна байланыштуу кабыл алынды.

Бишкек жылуулук электр борбору жана “Бишкек жылуулук тармагы” ушул тапта “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалдары.

2-февралда таңкы саат үч чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, беш адам жабыркап, Бишкектеги “Тез жардам” борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG