Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:28

Молдокматовдун адвокаты саясатчыны ооруканага жаткыруу керек экенин айтты


Жеңиш Молдокматов. Архивдик сүрөт.
Жеңиш Молдокматов. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан Жеңиш Молдокматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев саясатчынын ден соолугун текшертип, ооруканага жаткыруу өтүнүчү менен Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчилигине кайрылды. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирип, Жеңиш Молдокматов жабык жайда дарынын күчү менен эле жатканын айтты.

“Жеңиш Молдокматов Кемпир-Абад иши боюнча абакта жатканына 1,5 жылга жакындап калды. Ага чейин да башка иш менен 1 жыл абакта отурган. 2,5 жыл түрмөдө жаткандыктан ден соолугу начарлап кетти. Ал төрт жолу эндоскопиялык текшерүүдөн өттү. Тергөө жайында дары ичип эле койгон болбойт экен. Азыр болсо ашказаны ооруп атат”, - деди ал.

Жеңиш Молдокматов 2020-жылдагы Октябрь окуясына байланыштуу ошол эле жылдын май айында кармалып, 2022-жылдын февралында үй камагына чыккан. 2022-жылдын июнь айында Бишкектин Биринчи май райондук соту аны менен кошо бир катар саясатчыларды бул иш боюнча актаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG