Берлинде армян-азери сүйлөшүүлөрү өтүп жатат

Берлин. 2024-жылдын 28-февралы.

Германияда бүгүн 28-февралда Армениянын жана Азербайжандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу башталды. Эки өлкөнүн башкы дипломаттары Арарат Мирзояндын жана Жейхун Байрамовдун сүйлөшүүлөрү борбор калаа Берлинде өтүп жатат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун армян кызматынын маалыматына караганда, бул тууралуу Армениянын башкы дипломатиялык мекемесинин маалымат катчысы Ани Бадалян билдирди.

Жолугушууда Түштүк Кавказ аймагындагы бул эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишими талкууланат, келишимдин долбоору өткөн апталарда Мюнхен шаарында макулдашылган.

13-февралда армян-азери чек ара тилкесинде атышуу болуп, Армения төрт аскери набыт кеткенин билдирген. Азербайжан “жазалоо операциясын” ишке ашырып, Неркин Ханддагы армяндардын чек ара бекетин “толук жок кылганын”, анткени 12-февралда армян аскерлери Азербайжандын Зангелан районунагы аскердик бекетине ок чыгарып, бир чек арачысын жараат кылганын маалымдаган. Армения Азербайжандын мындай айыптоосун «дезинформация» деп атаган.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу кезектеги сүйлөшүүлөр өткөн айдын соңунда уюштурулган.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан тирешке чекит коё турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бирин бири бул процесстин создугушуна айыптап келишет. (RK)

Дагы караңыз

Аскерге чакыруунун жазгы өнөктүгү башталатУрсула фон дер Ляйен Евробиримдиктин куралдуу күчтөрүн жаңылоо керектигин айтты Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүласал Садырбаева дүйнөдөн кайттыКытай “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттерине лаборатория курууну пландап жатат