Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Кытай “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттерине лаборатория курууну пландап жатат


“Торугарт” чек ара бекети. Архивдик сүрөт.
“Торугарт” чек ара бекети. Архивдик сүрөт.

Кытай Кыргызстандын “Торугарт” жана “Эркечтам” чек ара бекеттерине айыл чарба товарларын текшерген лаборатория жана көзөмөл кампаларын курууну көздөп жатат. Ал жерлерде товарлар Кытайдын талаптарына ылайык текшерилет.

Расмий Бээжин аны куруп берүү үчүн “Эркечтам” чек ара бекетине жакын жерден 200 гектар жер сурап жатканы тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева 28-февралда Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.

“Акча бар. Кытайдын мамлекеттик компаниясы өздөрүнүн Башкы бажы башкармалыгынан уруксат документтерин алган. Алар майдын аягына чейин “Торугарт” жана “Эркечтам” чек ара өткөрмө бекеттери тарапта көзөмөл кампасын курууну убада кылышкан. Буюрса, көзөмөл кампасы курулса, “Торугарт” жана “Эркечтам” аркылуу айыл чарба товарларыбыз Кытайга кирет. Мындан тышкары, биз “Торугарт” менен “Эркечтамда” көзөмөл кампасы менен бирге Кытайдын талаптары боюнча документ берген лабораторияны да куруу келишимин түзүп жатабыз”, - деген Мусаева эгер бул долбоор ишке ашса, Кыргызстандын айыл чарба товарларын Кытайга экспорттоо маселеси чечилерин кошумчалады.

Элчинин айтымында, кыргызстандык “Бай Дыйкан” компаниясы 2023-жылы декабрда Кытайга алгачкы жолу 50 миң тонна жүгөрү экспорттогон. Анын баасы 14 млн 250 миң доллар. Жүк Казакстан менен Кытайдын чек арасындагы “Алашанкоу” өткөрмө бекети аркылуу кирген. Экспорттоодо процедуралык түйшүктөрдөн улам компаниянын логистикалык чыгымы көп болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация 29-февралда Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном районуна барары кабарланган. Ал жерде Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын өкүлдөрү “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун долбоору талкууланат.

Элчи Актилек Мусаева Кашкарда Кыргызстандын айыл чарба азыктарын Кытайга экспорттоо боюнча келишимдер да түзүлөрүн билдирди. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG