Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Урсула фон дер Ляйен Евробиримдиктин куралдуу күчтөрүн жаңылоо керектигин айтты


Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

Европа Биримдиги Орусия Украинага кол салгандан тартып пайда болгон коркунучтарга тийиштүү деңгээлде туруштук бере алыш үчүн коргоо өнөр жайынын жаңы стратегиясын иштеп чыгышы керек. Бул тууралуу бүгүн 28-февралда Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен билдирди. Анын айтымында, биринчи кезекте Европада жасалган курал-жарак жана ок-дарыны сатып алуу иши жөнгө салынышы зарыл:

«Согуш коркунучу, балким, түздөн-түз болбошу мүмкүн, бирок андай ыктымалдыкты четке кагуу да туура эмес. Согуш коркунучун көбөйтүп элестетүүнүн кереги жок, бирок андай ыктымалдыкка даяр туруу зарыл. Биринчи кезекте Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүү, толуктоо жана модернизациялоо керек».

Франциянын Страсбург шаарында Европа парламентинин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып фон дер Ляйен алдын ала буюртма бергендер үчүн кепилдиктер каралышы керектигин белгиледи.

Евробиримдик бүгүнкү күнгө карата жылына 1 миллион артиллериялык снаряд өндүрүү планын койгон, бирок азыркы кезде анын жарымын гана жасоого жетишүүдө.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери Европа жеке коопсуздугу үчүн тынчсызданууда. (RK)

XS
SM
MD
LG