Кыргызстандын аймактарындагы жылуулук ишканаларында 30 отказан жаңыланат

Жылуулук ишканаларынын биринин отканасындагы (котельный) жаңыланган отказандар (котел).

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы 2024-2025 жылдардын күз-кыш мезгилине чейин аймактардагы филиалдарында 30 даана отказанды жаңылоо жумуштарын баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Беловодск, Нарын, Каракол, Жалал-Абад, Таш-Кɵмүр, Кара-Кɵл филиалдарына “ВОССТ-М” үлгүсүндөгү, ар кандай кубаттулуктагы 24 даана отказанды “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” жасап, жеткирет. Калган 6 даана отказан Орусиядан сатып алынат жана үчөө Кара-Балта филиалына берилет. Бирөө Токмок филиалына, бирөө Талас филиалына жана дагы бирөө Майлуу-Суу филиалына тапшырылат.

Аймактарындагы жылуулук ишканаларында 2023-жылы да 33 даана отказан жаңыланган. Анын 7 даанасы Орусиядан алып келинсе, калганы “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” ишканасында жасалган.

Бишкек менен Ош шаарында жылуулук электр борборлорунан сырткары өзүнчө жылуулук менен камсыздоо ишканалары да бар жана алар мэрияларга баш ийет. Калган шаарлар жана район борборлору борборлоштурулган жылуулукту “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдарынан алат.

“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасында 7 облуста жалпы 17 филиалы бар. Алардагы 160 отканада (котельный) 490 отказан (котел) иштейт.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук берүү жана ысык суу берүү чектелген. Жылуулук жана ысык суу берүү бир нече күндөн кийин кайра толук калыбына келтирилген.

Президент Садыр Жапаров кырсык болгон күнү Бишкек ЖЭБиндеги аварияны жеринен көрүп, аны толук модернизациялоо боюнча тапшырма берген. Кийин Энергетика министрлиги борбор калаанын ЖЭБин кайрадан модернизациялоонун 4 варианты сунуштаган. Мунун фонунда аймактардагы жылуулук ишканаларындагы отказандар да жаңыланары айтылып жаткан. (ErN)

Дагы караңыз

Депутаттар жергиликтүү бийликтен радиация тууралуу маалымат берүү укугу алынганын сындаштыНавальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартка белгилендиСалык кызматы ишкерлерге 1-июлдан баштап патент жоюларын эскертти Кытай “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттерине лаборатория курууну пландап жатат АКШда Украинага жардам маселеси чечиле элек