Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:14

Салык кызматы ишкерлерге 1-июлдан баштап патент жоюларын эскертти


Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), Көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), Көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 1-июлунан баштап Кыргызстанда патент менен соода-сатык кылуу токтотуларын эскертти. Мекеме патент менен иштеген ишкерлер ага чейин салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек экенин билдирип, алардын тизмесин чыгарды.

Ага ылайык, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

  • – жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги коюмга (ставка) ылайык төлөнөт);
  • – бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын коюму жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.
  • Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын коюму эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1% болот.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер (стратегиялык объекттерге кирген базарлардан сырткары) Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарышы керек.

Стратегиялык объекттерге Бишкектин четиндеги “Дордой” менен Оштогу “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) кирген жана алар өзгөчө салык режимине өтөт. Бул базарларда иштеген соодагерлер базардын ичинде ич ара товарларды сатууда ККМди, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулушат.

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.

Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.

Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылган.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG