Президент Садыр Жапаров аскерге чакыруунун жазгы өнөктүгүн баштоо тууралуу жарлыкка 20-февралда кол койду. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын март-май айларында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, аскерге баруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга укуктары жок эркек жарандар Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылат. Ошондой эле алар башка аскердик түзүмдөрүнө, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.
Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарынан запаска бошотулат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстандын милдеттүү аскердик кызмат өтөө мыйзамдарына ылайык, аскерге чакыруу жазында жана күзүндө болот. Аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтү - бир жыл.(ZKo)
Дагы караңыз
1 млн сомдук баңгизатты сатууга аракет кылган жаран кармалдыБаткенге бөлүнгөн акча иштетилбей кайтарылган Украинадагы согуш Борбор Азияда сооданы жана саясий өнөктөштүктү сынады Жол эрежесин бузган айдоочуларга салынуучу айыптын тууму жокко чыгарылдыАкылбек Жапаров кыргыз радиолору санарип диктор колдонуп жатканын айттыЭкология министрлиги уранды казууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун талкууга чыгарды