Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Баткенге бөлүнгөн акча иштетилбей кайтарылган


Баткен облусу.
Баткен облусу.

Баткен облусуна өзгөчө макамы бар облус катары быйыл мамлекеттик бюджеттен 500 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин 1-орун басары Чоро Сейитов Жогорку Кеңеште билдирди. Анын сөзүнө караганда, 2022-жылы да ушундай эле сумма бөлүнүп, анын ичинен 250 млн сому облуска берилген, бирок толук иштетилген эмес.

Депутат Чыңгыз Ажибаев Баткенге берилген акча көйгөй жоктугунан иштетилбей калбаганын, февралда бөлүнгөн акча былтыр октябрь айында гана берилгенин, жыйынтыгында кайра жыл аягында "иштетилген жок" деп кайтарылганын белгиледи.

"Бөлүнгөн акча иштетилбей калганы үчүн ким жоопкерчиликке тартылды? Эч ким. Анткени бүгүнкү күнү аткаруу бийлигиндегилердин баары президентке так эмес маалымат берип, "баары жакшы" дегени үчүн мыйзам долбооруна вето коюлуп келип жатат. 500 млн сом Баткенге жетпейт".

Ажибаев министрдин орун басарын Баткендин Лейлек, Баткен райондоруна барып, ал жактагы чыныгы абал менен таанышууга чакырды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов депутат Чыңгыз Ажибаев сунуштаган мыйзам долбоорунда облуска суралган 1,5 млрд сом бюджетте жоктугун негиз кылды. Анын айтуусунда 500 млн сом казынада турат, бул кепилденген акча.

Жогорку Кеңеш 28-февралдагы отурумунда "Баткен облусунун статусу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап жатат.

"Баткен облусунун статусу тууралуу" мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр 25-октябрда кабыл алынган. Бирок 27-ноябрда президент мыйзамга вето коюп, артка кайтарган. Андан кийин өкмөт жана Жогорку Кеңеш депутаттарынан турган макулдашуу тобу түзүлүп, аталган мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жазып чыгышкан.

2021-жылдын апрели менен 2022-жылдын сентябрында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда кыргыз тараптан жалпысынан жүздөн ашуун жаран жана аскерлер каза тапкан. Жүздөгөн турак жайлар менен социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган жана он миңдеген кыргыз жарандары үй-жайын таштап кеткен.

Ушундан кийин бийлик Баткен облусуна өзгөчө макам берүүнү чечкен.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG