Шинжаң-Уйгур автоном районунда үч өлкөнүн темир жол долбоору талкууланат

Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу. Иллюстрациялык сүрөт.

29-февралда Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору талкууланат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 27-февралда “Агродиалог - 2024” форумунда айтып, жолугушууга Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов да барарын билдирди.

“Буюрса 29-февралда Өзбекстандын премьер-министри, мен Шинжаң-Уйгур автоном районуна барабыз. Ал жерде темир жолду сүйлөшүп келебиз”, - деди ал.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2022-жылдын сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 15-декабрында Бишкекте өткөн Элдик курултайда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталарын, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөнүн билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов үчүнчү ирет Азия чемпиону болдуЗеленский иш сапар менен Сауд Арабиясына бардыИранда абакта отурган рэп аткаруучу сот бийлигине кайрылдыЧүй облусунда 19 жаштагы кыз дайынсыз жоголдуНавальныйдын зыйнатын өткөрүүгө жай табылбай жатканы маалым болду27-февраль: Мадумаров сотто сурала баштайт, Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү