Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:48

27-февраль: Мадумаров сотто сурала баштайт, Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү


Адахан Мадумаровду Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келген учур. 1-февраль, 2024-жыл.
Адахан Мадумаровду Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келген учур. 1-февраль, 2024-жыл.

27-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сотто Адахан Мадумаров сурала баштайт

29-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров суракка алына баштайт. Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адамдын арызы боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет. Ал 2023-жылдын сентябрь айынан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Орусиялык компаниялар Кыргызстанда 450 филиал ачты

Орусиялык компаниялар Москва “дос өлкө” деп санаган мамлекеттерде 2022-2023-жылдары 11 миңден ашуун филиал ачты. Бул тууралуу орусиялык “Известия” басылмасы “Финион” финансылык компаниясынын баяндамасына таянуу менен жазды. Анда белгиленгендей, орус ишкерлери Сербияда 9000, Бириккен Араб Эмираттарында 1600, Арменияда 800 жана Кыргызстанда 450 филиал ачышкан. Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Евробиримдиктеги мамлекеттер, Улуу Британия жана АКШ Орусияга каршы санкцияларды 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин киргизе баштаган. 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып киргенден бери алар Москвага улам жаңы санкциялардын топтомун салып келатышат. Бул чаралардын көбү финансылык чектөөлөр.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга көп экспорттолуп жаткан товарларды чагылдырган коллаж. Иллюстрациялык сүрөт.
Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга көп экспорттолуп жаткан товарларды чагылдырган коллаж. Иллюстрациялык сүрөт.

Лондондо Кызыл-Омпол боюнча презентация болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуу Британияга болгон иш сапарында Кызыл-Омпол, Жетим-Тоо жана башка кендер боюнча компанияларга презентация кылганын билдирди. Ал 2023-жылы ноябрь айында Лондонго барганда “МАЙНЕКС - Евразия 2023” тоо-кен инвестициялык эл аралык конференциясына катышкан. Президент Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Жаңы туу түшүрүлгөн паспорттор апрелде бериле баштайт

Кыргызстандын жаңы, өзгөртүлгөн туусу түшүрүлгөн паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк апрель айынан ортосунан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин башчысы Арсен Миңбаев билдирди. Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам былтыр декабрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага президент Жапаров 22-декабрда кол койгон. Мыйзам 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.

Байден Израил Газада барымтадагылар бошосо атышууну токтотууга макул болорун билдирди

Израилдин жана ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган) радикал тобунун ортосундагы атышууну токтотуу боюнча мунасага келерки аптанын башына чейин жетишүү мүмкүн экенин АКШ президенти Жо Байден билдирди. Тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен жүрүп жатат. Мунаса табылса атышуу токтоп, ХАМАС радикал уюму барымтадагы туткундарды, Израил абактарындагы палестиналыктарды бошотууга милдеттүү экени маалым болгон.

Навальныйдын тарапташтары маркумдун зыйнатын өткөрүүгө жай табылбай жатканын билдирди

Ямал-Ненец аймагындагы шарты катаал түрмөдө 16-февралда табышмактуу жагдайда каза болгон саясатчынын тарапкери Кира Ярмыш жай издөөнү улантып жатышканын айтты. «База» Telegram-каналы Москванын Борисов көрүстөнүндөгү булактарына таянып, Навальныйды жерге берүүгө даярдык жүрүп жатканын, зыйнаты 29-февралга белгиленгенин жазган. Москванын башка көрүстөндөрү да аталууда. Саясатчынын сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилди. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

Орусияда мигранттарга каршы рейддер кайра күчөдү

Орусияда мигранттарды жапырт текшерүү жана кармоо кайра күчөп, рейддер жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар ар кайсы аймактардан келүүдө. Самара облусунан тартылган видеолордун биринен полиция жана куралчан күч кызматкерлери чет өлкөлүктөр иштеген бөлүштүрүүчү борборго кирип барганын көрүнөт. Ал эми Норильск шаарында мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер курулуш жүрүп жаткан объектилерде өттү. Ондогон мигранттар кармалганы маалым болду. Орусияда миллионго чукул кыргызстандык жүрөт. Мигранттарга каршы рейддер Орусия Украинага согуш ачып, жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин күчөгөн.

XS
SM
MD
LG