Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:50

Иранда абакта отурган рэп аткаруучу сот бийлигине кайрылды


Саман Ясин.
Саман Ясин.

Иранда жапырт нааразылык акциялары учурунда кармалып, 1,5 жылдан бери абакта отурган рэп аткаруучу Саман Ясин өлкөнүн сот бийлигине «мени бекер кармап отурганча жанымды алгыла» деп кайрылды.

«Фарда» радиосу бүгүн 27-февралда кабарлагандай, ал Instagram баракчасына жарыялаган катында кандай айып тагылганы белгисиз экенин, абакта ур-токмокко жана психологиялык кыйноого кабылып жатканын билдирди.

Ясин «Сот бийлигинин мага карата мынчалык каарынын, куугунтугунун жана кыйноосунун себебин түшүнбөй жатам» деп белгилеп, «Айтыңыздарчы, мен эмне кылмыш жасадым? Мени өлүм жазасына тарткыла. Өзүм да, силер да билбеген айыптоо үчүн түрмөгө жана белгисиздикке кантип чыдашым керектигин билбей жатам. Жанымды алып тынгыла», - деп жазды.

Караж шаарындагы Кезел Хесар түрмөсүндө отурган аткаруучу 2022-жылдагы нааразылык учурунда кармалган.

Ирандын сот бийлигинин маалымат агенттиги Ясинге «Кудайга каршы согуш жүргүзүү» деген айып тагылганын билдирген. Бул айыптын негизинде Тегерандын революциялык соту аны өлүм жазасына соттогон.

Бирок Жогорку сот Ясиндин апелляциялык арызын кабыл алып, ишти Революциялык сотко кайра кароого жөнөткөн. Ошондон бери иш карала элек.

2022-жылдын 13-сентябрында Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам дарга асылган.

АКШ жана ири эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды адамдар өлүм жазасына эң көп тартылган Кытайдан кийинки эле өлкө катары айыптап келишет.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG