Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:41

Навальныйдын зыйнатын өткөрүүгө жай табылбай жатканы маалым болду


Орусияда алыскы түрмөдө белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын командасы аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө жай таппай жатканын бүгүн 27-февралда басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди. Ал ылайык жай издөөнү улантып жатышканын айтты.

“Биз жеке жана мамлекеттик ритуалдык агенттиктердин, коммерциялык аянтчалардын жана аза күтүү залдарынын көбүнө телефон чалып чыктык. Кээ бирлери бош эмеспиз деп жатышат. Кээ бирлери Навальныйдын атын укканда эле баш тартууда. Бир жерде ритуалдык агенттиктерге түздөн-түз тыюу салынганын айтышты”, - деп жазды Ярмыш X социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter).

«База» Telegram-каналы Москванын Борисов көрүстөнүндөгү булактарына таянып Навальныйды жерге берүүгө даярдык жүрүп жатканын, зыйнаты 29-февралга белгиленгенин 26-февралда жазган. Башка көрүстөндөр да аталууда.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшканын билдирген.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG