Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 19 жаштагы Асел Жанарбек кызы изделип жатат. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, кыздын жакындары милицияга арыз менен кайрылып, ал Кант шаарындагы үйүнөн 15-февралда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканына даттанышкан.
Факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен Асел Жанарбек кызына таандык уюлдук телефон, күрмө жана бут кийим табылган. Ал өзү кайда экени дале аныктала элек.
Милиция кызматкерлери буга байланыштуу издөө иштерин улантууда. Жакындарынын бардык версиялары териштирилип, ыктымал жайлар каралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары каналды бир сыйра изилдеп чыгышты.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Асел Жанарбек кызын көргөн-билгендерди же ал тууралуу маалыматы бар адамдарды 0312 61-69-07, 03132 5-21-47 (нөөмөт бөлүмү), 0700 06-78-63, 0709 50-29-55 (издөө бөлүмү) телефондоруна чалып, кабар берип коюуну өтүнөт. Кыздын бою орточо 150-155 см, чачы күрөң, тулкусу арыкчырай. (ErN)
Дагы караңыз
Навальныйдын зыйнатын өткөрүүгө жай табылбай жатканы маалым болдуКремль НАТО Украинага аскер жөнөтсө "согуш тутанарын" эскерттиМакрон Украинага ракета жөнөтүү үчүн союздаштар коалициясы түзүлгөнүн айттыБишкектин соту "24.kg" агенттигине кылмыш ишин ачыктоого тыюу салдыЫсык-Көлдө кар көчкү басып каза болгон туристтердин тек-жайы такталды