Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Макрон Украинага ракета жөнөтүү үчүн союздаштар коалициясы түзүлгөнүн айтты


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Европа лидерлери Украинага Орусиянын кол салуусуна каршы күрөшүү үчүн “орто жана алыс аралыкка жетүүчү ракеталарды жана бомбаларды” жөнөтүү максатында коалиция түзүүнү макулдашканын 26-февралдын кечинде Франция президенти Эммануэл Макрон Парижде Европадагы 20 өлкөнүн, АКШнын, Канаданын лидерлери жана өкүлдөрү катышкан саммиттин жыйынтыгында билдирди.

Жыйында киберкоопсуздук, Украинада биргелешип курал-жарак жана ок-дары өндүрүү, украин-белорус чек ара тилкесиндеги коопсуздукту бекемдөө, Украинанын аймагын минадан тазалоо жана Орусия коркунуч жаратып жаткан Молдова сыяктуу өлкөлөрдү коргоо деген беш негизги багытка көңүл буруу макулдашылды.

Саммитти Франциянын президенти Макрон уюштурду. Ал өз сөзүндө Орусиянын позициясы өзгөрбөгөнүн, Украинанын жаңы аймактарын басып алуу менен гана чектелбестен, башка өлкөлөргө да көз артып турганын айтты:

«Орусиянын утулушу Европанын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн керек деп ишенебиз. Бир чети, Украинанын Орусиянын жаңы чабуулдарына туруштук берүү шартын бекемдөө, экинчи жагынан, европалыктардын өзүнүн жамааттык коопсуздугун аныктоо мүмкүнчүлүгүн тактап алуу зарыл болуп турат».

Макрон Украинага аскерлерди жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча азыр бир пикир жоктугун, бирок андайды жокко чыгаруу да болбой турганын кошумчалады.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салып, аны «атайын аскердик операция» деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG