Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Ысык-Көлдө кар көчкү басып каза болгон туристтердин тек-жайы такталды


Кырсык болгон жерден тартылган видеодон алынган скриншот.
Кырсык болгон жерден тартылган видеодон алынган скриншот.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шахты-Жыргалаң айылында кар көчкү басып каза болгон туристтердин тек-жайы такталды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын үчөө Чехиянын (30, 42 жана 46 жаштагы адамдар), бирөө (29 жашта адам) Словакиянын жараны болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, 25-февралда Чехиянын жана Словакиянын 23 жараны эки топко бөлүнүп тоого чаңгы (лыжа) тебүү үчүн чыгышкан. Тоодон 14 адамдан турган топ чаңгы тээп келе жатканда кар көчкү жүрүп, баарын басып калган. Алардын ичинен 10 адам бири-бирин куткарып аман калган. Төрт киши кардын астында калып, каза болгон.

Бул окуя Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Соттук медициналык экспертиза да дайындалган.

Буга чейин Чехиянын 23 жаранын көчкү басып калганы тууралуу маалымат берилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG