Орусияда мигранттарды жапырт текшерүү жана кармоо кайра күчөдү. Рейддер жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар ар кайсы аймактардан келүүдө.
Самара облусунан тартылган видеолордун биринен полиция жана куралчан күч кызматкерлери чет өлкөлүктөр иштеген бөлүштүрүүчү борборго кирип барганын көрүүгө болот. Текшерүүнүн жыйынтыгында бул борбордон мыйзамдуу иштөөгө уруксаты жок 19 мигрант кармалганы кабарланды. Алардын бешөө Орусиянын аймагында жүрүү эрежелерин бузганы да аныкталды.
Облустун ички иштер мекемеси мындай рейддер аймакта дайым жүргүзүлүп турарын билдирип, мыйзамсыз мигранттарды иштетип жаткан жумуш берүүчүлөр айыппул төлөөгө милдеттүү болорун же алардын ишмердүүлүгү административдик тартипте токтотуларын эскертти.
Ал эми Норильск шаарында мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер курулуш жүрүп жаткан объектилерде өттү. «Многонационал» деп аталган Телеграм-каналга жарыяланган маалыматтарга караганда, күч кызматкерлери ондогон кишини кармап кетишти. Тажикстандын беш жаранына административдик протокол түзүлдү, алар өлкөдөн чыгарылмай болду. Мындан тышкары Түндүк Кавказ федералдык округунан барган 16 кишинин аскердик каттоосу боюнча маселе бар экени аныкталды.
Орусияда миллионго чукул кыргызстандык да эмгек мигранты болуп жүрөт. Укук коргоочулар орусиялык жумуш берүүчүлөр аларды арзан жумушчу күч катары колдонорун, укуктары көпчүлүк учурда камсыздалбай, корголбой турганын белгилеп келишет.
Мигранттарга каршы рейддер Орусия Украинага согуш ачып, жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин күчөгөн.
Екатеринбургда полиция кыргызстандык мигранттарды тизелетип, казча бастырган окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Мигранттарга каршы тинтүү жана кармоо негизинен базарларда, курулуш аянтчаларында, жатаканаларда, мечиттерде жана башка жерлерде жүрүп келет. Полиция кызматкерлери мындай рейддерди аскер комиссариаттарынын өкүлдөрү менен бирге уюштуруп, кармалгандар паспорт алган болсо аларга дароо армияга чакыруу тапшырып жатат.
Мурдараак Жаңы жыл түнүндө Санкт-Петербургда 3 миңдей мигрант кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Анын көбүнүн документинде мүчүлүштүк аныкталып, бир тобу Орусиядан депортациялана турганы белгилүү болгон. Мигранттарды жапырт кармоо майрам күндөрү Москва жана башка шаарларда да катталган. (RK)
Дагы караңыз
Бишкекте эки ишкана бириктирилдиГаджетке көз карандылык: Коркунуч жана мүмкүнчүлүктөрКыргызстанда келерки беш жылда үч алтын кени казылатАзербайжанда эркин журналист тогуз жылга соттолду