Мэриянын 6-февралдагы токтомуна ылайык, "Бишкекжашылчарба" жана "Бишкексуучарба" ишканалары бириктирилди. Бул муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында жүргүзүлүп жатканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы ишкана "Бишкекжашылкурулуш" (Бишкекзеленстрой) муниципалдык ишканасы деп аталат. Мекеменин жетекчилигине "Бишкексуучарба" ишканасынын башчысы Болотбек Одракаев дайындалды.
Борбор калаада учурда 13 муниципалдык ишкана жана 15 чакты түрдүү агенттик, башкармалык жана департаменттер бар.(ZKo)
Дагы караңыз