Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:24

Кыргызстанда келерки беш жылда үч алтын кени казылат


Кыргызстандагы алтын кендеринин бириндеги руда. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы алтын кендеринин бириндеги руда. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өкмөтү келерки беш жылда Алай районундагы Каракала-Терек, Баткен районундагы Чакуш жана Кемин районундагы Мироновское алтын кендерин казууну пландап жатат. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган интервьюсунда билдирди.

Анын айтымында, Каракала-Теректе 2,8 тонна алтын бар экени аныкталган, чалгындоодон кийин дагы башка запас табылышы мүмкүн. Мироновское тилкесиндеги запас 2,6 тонна деп эсептелген. Чакуш кенинде чалгындоо иштери жүргүзүлүп жатат, запасы белгисиз.

Кубат Абдраимов алтындын бул көлөмү кен өндүрүү тармагында чакан деп саналарын белгилеп, мындан сырткары кварцты өндүрүү боюнча эки тилкени ачуу планы да каралып жатканын кошумчалады

“Кыргызалтын” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы мындан сырткары Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенин иштетүү да алдыңкы беш жылдыктагы пландардын бири экенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Садыр Жапаров 2023-жылдын 26-ноябрында Биринчи элдик курултайдын ишин жыйынтыктоо учурунда иштебеген же майнапсыз иш алып барган алтын кендеринин лицензиялары кайра алынып жатканын айткан. Ал эки жыл ичинде 148 алтын кенинин лицензиясын кайтарып алынганын, аларды мындан ары 100% мамлекет өзү иштетерин же сырттан инвестор тартып, мамлекеттин 30% кем эмес үлүшү болорун белгилеген. Мамлекет башчы ошондой эле иштеп жаткан кендерде да мамлекеттин үлүшүн көбөйтүү аракеттери уланып жатканын белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG