Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Бишкектин жака-белиндеги 47 жаңы конуштун 31и газдаштырылганын билдирди.
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 27-февралдагы жыйынында айтты. Комитет Министрлер кабинети сунуштаган “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документти талкуулап, биринчи окууда колдоду.
Асел Раимкулова борбордо ышты азайтуу үчүн жаңы конуштарды газдаштыруудан тышкары от казандар газга өткөрүлүп жана газ менен жүргөн автобустар каттамга киргизилип жатканын кошумчалады.
Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын маалыматында Бишкек бир канча жылдан бери абасы кир шаарлардын катарында. Суук түшкөнү шаарда ыш көйгөйү орчундуу маселеге айланат. Ыштын негизги себеби катары жаңы конуштарда жагылган көмүр, Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана автоунаалардан чыккан түтүн экени айтылып келет.
2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 долларга сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага “Ошгаз” ишканасы да өткөн.
Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубл жумшоону убада кылган. (BTo)
Дагы караңыз
Футбол союзунун мурдагы президенти Медербек Сыдыков уюмдун башкы катчылыгына бекидиКызамыкка каршы 264 500 доза вакцина келетОрусиялык компаниялар Кыргызстанда 450 филиал ачтыЫсык-Көлдө кар көчкү басып каза болгон туристтердин тек-жайы такталдыТелефон алдамчылыгына шек саналган адам кармалдыЫсык-Көл менен Нарында үч суу сактагыч курулатБылтыр 174 адам жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган