Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

Телефон алдамчылыгына шек саналган адам кармалды


Телефон алдамчылыгына шектелген адам. Сүрөт ИИМге таандык.
Телефон алдамчылыгына шектелген адам. Сүрөт ИИМге таандык.

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаар тургунуна телефон чалып, банк эсебинен 1400 долларын чыгарып алган деп шек саналган адамды кармашты.

Аталган РИИБден "Азаттыкка" кабарлашкандай, мындан тышкары шектүү жабырлануучунун атынан тиркеме аркылуу эки банктан жалпы суммасы 119 600 сомдук насыя акча алууга жетишкен.

Маалыматка ылайык, шектүү жабырлануучуга өзүн "банк кызматкеримин" деп тааныштырып, телефон чалган.

25-февраль күнү кармалган шектүү 19 жаштагы Т. Дж. аттуу адамдын башка алдамчылыктарга тиешеси бар-жоктугу иликтенип жатат.

Акыркы бир нече жумадан бери Кыргызстанда телефон алдамчылыгы күч алганы айтылууда. Социалдык тармактарга улгайган кишилерге уулу же кызы, башка туугандары кырсыкка кабылганын айтып телефон чалып, ири суммада акча которууну сурангандар, талап кылгандар тууралуу көп жазылууда.

Мурдараак Бишкектин милициясы эки адамды телефон алдамчылыгына шек санап кармаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG