Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Ысык-Көл менен Нарында үч суу сактагыч курулат


Кыргызстандагы суу сактагычтардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы суу сактагычтардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

“Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Тоң районунун Үч-Коргон деген жеринде, Кочкор районунун Шамшы деген жеринде жана Жумгал районунун Түгѳл-Сай деген жеринде үч суу сактагыч курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Аталган суу сактагычтардын орточо кубаттуулугу 3,5 млн куб метр болот деп эсептелүүдө.

Ушул эле долбоордун алкагында Жети-Ѳгүз районунда Арабел-Суу дарыясынан Жууку дарыясына сууну которуп алуу каралган. Ошондой эле 125 километр жаңы ирригациялык тутумдарды куруу мерчемделген.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул күндөрү Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн атайын техникалар тапшырылды. Алардын жалпы суммасу 87,0 млн сомду түздү.

Министрлик суу сактагычтардын курулушу менен фермерлерге сугат сууну жеткирип берүүгѳ кепилдик пайда болорун жана кошумча 6000 гектар жаңы сугат жерлери ишке киргизилип, 14600 гектар жердин сугат суу менен камсыз болуусу жогорулай турганын билдирди. Бул аталган эки облустагы суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

“Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоорун Ислам өнүктүрүү банкы менен Сауд өнүктүрүү фонду каржылоодо. Анын бюджетинин суммасы кабарланган жок.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда сугат суу тартыш болууда. Быйыл да сугат мезгили башталгандан тартып эле жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. Сугат суунун жетишсиздиги өзгөчө Чүй жана Талас облустарында курч болуп турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG