Футбол союзунун мурдагы президенти Медербек Сыдыков уюмдун башкы катчылыгына бекиди

Медербек Сыдыков

Кыргыз футбол союзунун Аткаруу комитетинин жаңы курамы 27-февралда алгачкы отурумун өткөрүп, уюмдун мурдагы президенти Медербек Сыдыковду мекеменин башкы катчысы кызматына бекитти. Бул тууралуу маалымат Кыргыз футбол союзунун Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

Медербек Сыдыков 2017-2021-жылдары да Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп иштеген. 2021-жылдан 2024-жылдын февралына чейин союздун президенти болуп, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин январда кызматтан кеткен. Футбол уюмунун Аткаруу комитети да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Кыргыз футбол союзунун президенти болуп 19-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев шайланган. Ташиев Кыргыз футбол союзун 2026-жылдын апрель айына чейин башкарат.

Футбол боюнча улуттук курама команда Азия кубогунда тайпадан чыкпай калган. “Акшумкарлар” тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген. F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып, үч беттеште бир гана гол киргизген.

31-январда президент Садыр Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирген.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде алты тепкичке артка кетип, 104-орунду ээледи. Буга чейин “акшумкарлар” ФИФАнын соңку рейтингинде 98-орунда болчу. (ErN)

Дагы караңыз

Кызамыкка каршы 264 500 доза вакцина келетОрусиялык компаниялар Кыргызстанда 450 филиал ачтыЫсык-Көлдө кар көчкү басып каза болгон туристтердин тек-жайы такталдыТелефон алдамчылыгына шек саналган адам кармалдыЫсык-Көл менен Нарында үч суу сактагыч курулат