Кызамыкка каршы 264 500 доза вакцина келет

Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, кызамыкка каршы 264 500 доза вакцина үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн.

Кызамыктын жайылышын алдын алуу максатында эмдөөнүн экинчи этабында Жалал-Абад облусунда 9 айлык наристелерден тартып 7 жашар балдарга чейин эмделет. Саламаттык сактоо министрлиги буга облуста илдеттин күч алышы себеп экенин билдирүүдө. Эмдөөнүн экинчи этабы башка облустарда кошумча вакциналар келгенде жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн башка аймактарында кызамыкка чалдыккан адамдар менен байланышта болгон адамдарды чукул эмдөө үчүн вакцина бөлүнөт.

Жыл башынан бери өлкөдө кызамык менен ооруган адамдардын саны 3,5 миңден ашты.

Былтыр илдеттин 7046 учуру катталып, тогуз бала оорудан чарчап калган. Арасында беш айлык ымыркай бар.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартып жатышканы себеп болгонун белгилөөдө. Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айткан. Ушундан улам министрлик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуу жүргүзүп, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүсүн суранып келет.

Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жыл башында Бишкек шаарында башталган. Түркиядан жана Орусиядан жуктуруп келген учурлар да катталганы кабарланган.

2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамыкка каршы 750 миң доза вакцина алынып келген.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу кескин өскөн.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (ZKo)

Дагы караңыз

Мексика аркылуу кирген өзбек жарандары АКШ бийлигин сотко бердиОрусиялык компаниялар Кыргызстанда 450 филиал ачтыЫсык-Көлдө кар көчкү басып каза болгон туристтердин тек-жайы такталдыЫсык-Көл менен Нарында үч суу сактагыч курулат"Мектепке үч чакырым жөө барабыз". Чакан айылдын чоң түйшүгү