Daryo.uz сайтынын маалыматы боюнча, Кошмо Штаттарда бир катар иммиграция борборлорунда кармалып турган 35 өзбекстандык президент Жо Байден, ички коопсуздук министри Алехандро Майоркас, иммиграция жана бажы көзөмөлү боюнча директордун орун басарынын милдетин аткаруучу Патрик Лехлейтнер сыяктуу бир катар америкалык расмий жетекчилерге каршы сотко арыз жазышты. Басылма жазгандай, АКШдан башпаанек сураган өзбек иммигранттары аты аталган аткаминерлерди “дискриминациялык саясат жүргүздү” деп айыпташкан.
"Арыз каралууда"
Алар арызында АКШда "улутуна карата басмырлоого туш болгонун", ошондуктан аларды кармоо чечими мыйзамсыз деп табылышы зарыл экенин белгилешкен. Ошондой эле арыз ээлери адвокаттардын чыгымын төлөп берүүнү да талап кылышкан. Ишти алып барган иммиграция боюнча юрист Абадир Барре өзбекстандыктарды камактан бошотууну көздөп жатканын YouTube порталына 21-февралда жарыяланган видеодо айтты.
"Дем алыш күндөрү арызды сотко бердик, учурда ал каралууда. Эмки кадам өкмөт аны кабыл алышы керек. Азыр судья дайындалышын күтүп жатабыз, ал жакын арада болушу керек", - деди адвокат Барре.
Арызда ошондой эле өзбекстандык жарандар убактылуу кармоочу лагерде талапка жооп бербеген шартта кармалып турганы, алардын адвокат менен байланышы чектелүү экени айтылган.
Daryo.uz сайты былтыp сентябрь айында АКШнын чек арасынан өтүп, Калифорнияга багыт алганда кармалган өзбекстандык 19 жаштагы жигиттердин окуясын мисал келтирген. Басылманын маалыматына ылайык, бул жигиттер иммиграциялык кармоочу жайга октябрь айында жөнөтүлгөн.
"Өзбектандыктар суракка алынып, бирок эч маалымат чыккан эмес. Аларды бошотуу ордуна убактылуу кармоочу жайга жөнөтүшкөн. Соттук териштирүүдө биз аларды күрөөгө бошотуну суранганбыз, бирок прокурор "балдар басып өткөн жол менен террористтерди да ташып өтүшөт" деп каршы чыкты. Кийин судья конкреттүү далилдерди сураганда прокурордо алгылыктуу жооп болгон жок. Анан алар 14 миң доллар күрөө менен бошотулду", - дейт иш менен тааныш өзбек жигит.
АКШ өкмөтү же Американын Өзбекстандагы элчилиги сотко арызданган 35 өзбек жаранынын окуясы тууралуу комментарий бере элек.
Daryo.uz басылмасына маалымат берген, АКШда 20 жылдан ашык убакыттан бери жашаган өзбек блогер Өткүр Рахматуллаев Америкадагы депортация борборлорунда кармалган бул өзбек жарандары террорчулукка шек саналып жатышы мүмкүндүгүн айтты. Анын пикиринде, бул мигранттар адатта экстремисттер көп колдонгон Түркия-Испания-Түштүк Америка-АКШ маршруту аркылуу мыйзамсыз жол менен өлкөгө кирген.
"Биз алардын айрымдарын террорчулар менен байланышы бар деп шектенип жатабыз. Анткени кармалгандардын баары бир жолду колдонушкан. Бирок бул жол менен Өзбекстандын эле эмес, мурдагы СССРдин курамына кирген бардык өлкөлөрдүн жарандары катташат", - дейт Рахматуллаев.
Буга чейин CNN телеканалы да америкалык аткаминерлер бир нече иммигрантты тыкыр текшерип жатканын кабарлаган.
Былтыр жыл аягында АКШ өкмөтү 119 өзбекстандыкты мекенине кайтарганын Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттиги билдирген. Ошондой эле былтыр 20-ноябрда Кошмо Штаттардын Өзбекстандагы элчилиги Мексика-АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн өзбекстандыктар эми иммиграциялык иши каралып бүткүчө кармалып турарын маалымдаган.
Маалыматка ылайык, элчилик мыйзамсыз жүргөн өзбекстандык жарандарды өлкөдөн чыгаруу маселесин чечүүдө Ташкент менен кызматташууда. Дипломатиялык өкүлчүлүк АКШга Мексикадан өтүү жолу кооптуу жана кымбат экенин эскерткен.
"АКШнын түзөтүү борборунда тажикстандыктар ачкачылык жарыялашты"
Ал тапта АКШнын Луизиана штатына караштуу Винн шаарындагы түзөтүү борборунда кармалган тажик мигранттарынын тобу ал жактагы шартка нааразылык билдирип, ачкачылык акциясын өткөргөнү маалым болду. Он күнгө созулган ачкачылык эч кандай жыйынтык берген жок.
Эки тажик жараны 23-февралда "Озоди" радиосуна берген маегинде АКШга Мексика аркылуу келишкенин, ал жерде тажикстандык 100гө чукул жаран бар экенин айтышкан. Алар АКШдан башпаанек сурашканын жана арыздары каралып жатканын белгилешет.
Алар орус паспорту менен Мексикага чейин келип, ал жактан АКШга мыйзамсыз өтүшкөн.
Көптөгөн тажик мигранттары убактылуу кармоочу жайларда 4-6 айдан бери сот жараянын күтүп жатышканын айтышууда. Кошмо Штаттардагы башка түзөтүү борборлорунан айырмаланып, Луизианада иммиграциялык мыйзамдарды бузууга шектелген адамдар күрөөгө бошотулбайт.
Тажикстандык 26 жаштагы жигит 2023-жылдын октябрынан бери бул жерде экенин, акыркы убакта администрация начар мамиле жасап, күнүгө окшош тамак берилип атканын айтты.
"Азыр бизге кайнатылган күрүч жана төө буурчак гана берилүүдө. Биз мигранттар эсебибизди акча менен толуктап турушубуз керек. Көпчүлүгүндө акча түгөндү, 10 күн ачкачылык жарыяладык, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок", -деди ал.
Деген менен Винн шаарындагы убактылуу кармоочу жайдын администрациясы камактагы мигранттардын акциясы боюнча комментарий берген жок.
Белгилей кетсек, АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн жарандарга кеминде беш жылга кайра кирүүгө тыюу салынат. Мыйзамсыз миграцияга жардам берген үй-бүлө мүчөлөрү да виза алуу укугунан биротоло ажыратылышы мүмкүн.
Былтыр 18-октябрда "Озодлик" радиосу президент Байдендин администрациясы Еврошаркеттен Америкага бет алган тажик жана өзбек жүргүнчүлөргө транзит визасын киргизүүнү өтүнгөнүн маалымдаган. Вашингтон ошол өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза режимин катаалдаштыруу ыктымал террорчулардын келишин алдын алууну көздөрүн билдирген.
Анын алдында өзбекстандык бир нече киши АКШга Мексика чек арасынан “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар аткезчинин жардамы менен өткөнү аныкталган. Өткөн жылы журналисттер Өзбекстандан АКШга адамдарды мыйзамсыз жөнөтүп турган түйүндүн бети ачылганын жазышкан.
Америкалык расмий булактардын маалыматында, ал түйүндүн кеминде бир мүчөсү чет элдик террордук уюм менен байланышта болгон. Алар аркылуу Кошмо Штаттарга кирген 120 өзбекстандык мигранттын 15ине Федералдык иликтөө бюросу издөө салган.
Акыркы төрт-беш жылда Америкага Мексика аркылуу барган борбор азиялыктардын, анын ичинде кыргызстандыктардын саны көбөйгөнү байкалууда. 2023-жылдын күз айларында 200 миндей адам Мексиканын чек арасында Америкага өтө албай топтолуп турганы айтылган.
Борбор Азиялык мигранттардын көбү Евробиримдик аркылуу Латын Америкасына өтүп, андан соң Мексика чек арасынан АКШга кирүүгө аракет кылып жатканы утур-утур айтылып келет.
Мигранттар менен иш алып барган уюмдар жана мамлекеттик мекемелер жарандарды эмгек миграциясына ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип, мыйзамдуу жолдор менен барууга чакырып келет.
Соңку жылдары Мексика аркылуу АКШга кирүү амалын издеп жүргөн жүздөгөн кыргызстандыктардын окуялары тууралуу "Азаттык" да жазган. "Америка кыялына" жетеленген мекендештердин айрымдары максатына жеткени менен дээрлик көпчүлүгү миңдеген доллардан кол жууп, кайра Бишкекке кетүүгө мажбур болгон.
Америкалыктар эмне дейт?
Көпчүлүк америкалыктар иммиграция өлкө үчүн пайдалуу деген ойдо.
Былтыр июлда Gallup International социологиялык компаниясынын соңку сурамжылоосу көрсөткөндөй, респонденттердин 68% иммиграция АКШга оң таасирин, ал эми 28% иммиграция өлкөгө терс таасирин тийгизет деген ойдо.
Бирок Кошмо Штаттарда жашоого жана иштөөгө расмий укугу жок чет өлкөлүктөрдүн маселеси курч бойдон калууда. Коомдук пикирди изилдөөдө америкалыктардын көбү мыйзамсыз иммиграция өлкөнүн эң олуттуу көйгөйлөрүнүн бири экенин белгилешет.
Алсак, былтыр декабрда YouGov социологиялык институттун жүргүзгөн сурамжылоосу респонденттердин 49% ушундай ойдо экенин көрсөттү.
Ошондой эле Fox News телеканалынын сурамжылоосунда респонденттердин 79% чек арачылардын санын көбөйтүү керек экенин, 67% - АКШда калууга мыйзамдуу укугу жок мигранттарды депортациялоо керек экенин, 58% - чек араны мигранттардан коргоо үчүн аскер күчтөрүн колдонуу жана 54% - Мексика менен чек арага коргоочу дубал куруу керек деген пикирин билдиришкен.
АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын так саны белгисиз. Конгресстин Изилдөө кызматы ар кандай уюмдардын маалыматына таянып, 2022-жылы 11 миллиондон ашык чет өлкөлүк болгон деп болжолдойт. Pew изилдөө борбору 2021-жылы 10,5 миллион мигрант АКШда жашарын жазган. Башкача айтканда, Кошмо Штаттарда жашаган ар бир бешинчи иммигрант мыйзамдуу жолдор менен кирген эмес.