Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Шахты-Жыргалаң айылында кар көчкү басып каза болгон туристтердин тек-жайы такталды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын үчөө Чехиянын (30, 42 жана 46 жаштагы адамдар), бирөө (29 жашта адам) Словакиянын жараны болгон.
Милициянын маалыматына ылайык, 25-февралда Чехиянын жана Словакиянын 23 жараны эки топко бөлүнүп тоого чаңгы (лыжа) тебүү үчүн чыгышкан. Тоодон 14 адамдан турган топ чаңгы тээп келе жатканда кар көчкү жүрүп, баарын басып калган. Алардын ичинен 10 адам бири-бирин куткарып аман калган. Төрт киши кардын астында калып, каза болгон.
Бул окуя Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Соттук медициналык экспертиза да дайындалган.
Буга чейин Чехиянын 23 жаранын көчкү басып калганы тууралуу маалымат берилген. (BTo)
Дагы караңыз
28-февралдын аба ырайы тууралуу маалыматТелефон алдамчылыгына шек саналган адам кармалдыБылтыр 174 адам жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулганЖаңы туунун сүрөтү түшүрүлгөн паспорттор апрелден тарта чыгарыла баштайтУлуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырдыАкылбек Жапаров: Лондондо Кызыл-Омпол, Жетим-Тоо боюнча презентация кылдыкМажар парламенти Швецияны НАТОго кабыл алууга макулдук берди