Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:04

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды


Улуттук банктын имараты.
Улуттук банктын имараты.

Кыргызстандын Улуттук банкы 26-февралда эсептик ченди 13% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-февралда кабарлады.

Өлкөнүн негизги банкынын маалыматы боюнча, инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2024-жылдын февраль айында 2023-жылдын декабрындагы 7,3% деңгээлинен 5% төмөндөдү. Январь айында өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш тармагындагы өсүштөн улам ички дүң өнүм (ИДӨ) 7,4% көбөйгөн.

Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт. (BTo)

XS
SM
MD
LG