Екатеринбургда кыргызстандык соодагерлер иш ташташты

Екатеринбург шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы "Пекин" деп аталган соода борборунда соодагерлер ижара акынын кымбатташына нааразы болуп иш ташташты. 26-февралдагы акцияга базарда иштеген кыргызстандык соодагерлер да кошулганын "Безумный Екб" деп аталган Телеграм-канал жазды.


Маалыматка ылайык, иш таштагандар соода орундарынын ижара акысы март айынан тартып 20-30% кымбаттай турганына нааразылык билдиришти.

Соодагерлер менен жолуккан базардын администрациясы баалардын кымбатташына коммуналдык кызмат акылары көтөрүлгөнү себеп болгонун билдирген.

Телеграм-канал нааразылыкка чыккандарга Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун өкүлдөрү келип жолукканын, алар соода борборунун жетекчилиги менен сүйлөшүүнү убада кылганын жазды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча бул маалыматты комментарийлей элек.

Быйыл февралга карата берилген расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын 651 485 жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү - 408 448 адам Орусияда миграцияда.

Бейрасмий маалыматтарда бүгүнкү күндө деле Орусияда Кыргызстандын 1 млн чамалуу жараны жашап, иштеп жүргөнү айтылып келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров көмүскө экономиканын үлүшү 46% экенин айттыӨзбекстанда ондогон баланын өлүмү үчүн 23 киши соттолдуОшто мыйзамсыз сакталган куралдар алындыАрмения Москвадан алыстап, Парижге ыктайбы?