Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:58

Ошто мыйзамсыз сакталган куралдар алынды


Ош облусунан алынган мыйзамсыз куралдар. Милиция тараткан сүрөт.
Ош облусунан алынган мыйзамсыз куралдар. Милиция тараткан сүрөт.

Ош облусунда “Арсенал” аталышындагы рейддин алкагында мыйзамсыз сакталган 12 даана ок атуучу курал жана 234 даана ок дарылар алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 47 жаранга Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 126000 (жүз жыйырма алты миң) сом айып пул салынды.

3 даана курал жараксыз абалга келгендигине жана 2 даана курал ээси каза болгондугуна байланыштуу башкармалыктын карамагына алынды.

Аталган рейд атайын каттоодо турган атуулдардын куралдарын жана ок атуучу куралды сактоого укук берилген мекеме, уюмдардын кызматтык куралдарынын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн текшерүү максатын көздөйт. Анын алкагында алынган куралдарга тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Милиция Кылмыш жаза кодексинини 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (Куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти. (ErN)

XS
SM
MD
LG