Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Өзбекстанда ондогон баланын өлүмү үчүн 23 киши соттолду


Өзбекстанда Индияда жасалган дарыны ичкен балдардын өлүмүнө байланыштуу ондогон киши соттолду. «Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, бүгүн 26-февралда Ташкент шаардык сотунун өкүмү менен 23 киши, анын арасында индиялык жаран 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды.

2022-жылы Өзбекстанда кеминде 69 бала Индияда жасалган жөтөлгө каршы сиропту ичкенден кийин чарчап калганы аныкталган.

Бул үчүн сот аталган дарыны Өзбекстанга импорттогон Quramax Medical компаниясынын директору, Индиянын жараны Рагневдра Пратарды 20 жылга эркинен ажыратты, ал жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин мекенине чыгарылары айтылды.

20 жылга Өзбекстандын Фармацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин мурдагы башчысы Сардор Кариев да соттолду, анын эки орун басары ар бири 16 жылга кесилди.

Калгандары 10 жылдык жаза мөөнөтүн алышты, айрымдары тергөө абагынан шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулушту.

Кылмыш иши боюнча айып салык жашыруу, сапатсыз жана жасалма дары-дармек сатуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, шалаакылык, паракорлук деген беренелердин негизинде коюлган.

“Doc-1 Max” сиробун ичкенден кийин абалы начарлап, ондогон бала чарчап калган окуядан кийин өкмөт териштирүү жүргүзүп, анын курамында этиленгликоль деген адатта өндүрүш тармагында колдонулуучу химиялык уу зат бар экенин аныктап чыккан жана бул дарыны сатууга тыюу салган.

Териштирүү Индияда да жүрүп, бир нече киши кармалган.

XS
SM
MD
LG