Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 2023-жылы 46% болгонун билдирди.
Бул тууралуу ал 26-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан видеодо Акылбек Жапаров 2000-жылдары өлкөдө көмүскө экономиканын үлүшү 247% чейин жеткенин кошумчалаган.
“Азыр дагы 50% соода-сатыгыбыз, акча төлөбөгөндөр катылып жатат. Биз ушунун үстүнөн иштешибиз керек. Анткени андан түшкөн салык, акча 7 млрд долларга жетип маданият тармагына, пенсия, жөлөк пулга кетип атат. Биз канчалык таза экономиканы түзсөк ошончолук саясий туруктуулук да болот, коррупция да азаят”, - деди ал.
2022-жылы Мамлекеттик салык кызматы 2023-2025-жылдардагы өнүктүрүүнүн стратегиясын бекиткен. Анда жаңы стратегия салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана адилеттүү салык системасын түзүүгө багытталганы айтылган.
Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.
Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.
Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылган. (BTo)
Дагы караңыз
Шольц азыркы тапта Украинага TAURUS ракеталарын берүүгө каршы экенин айттыӨзбекстанда ондогон баланын өлүмү үчүн 23 киши соттолдуЖогорку технологиялар паркынын кирешеси бир жылда эки эсе өстүСот аткаруучулардын ыйгарым укуктары кеңейтилди26-февраль: Ысык-Көлдө каза тапкан чех туристтер, АКШда ачкачылык жарыялаган тажик мигранттарыКремль Женевада Украина боюнча сүйлөшүү өткөрүү сунушун четке какты