Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Шольц азыркы тапта Украинага TAURUS ракеталарын берүүгө каршы экенин айтты


Олаф Шольц. Архвидик сүрөт.
Олаф Шольц. Архвидик сүрөт.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинага азыркы тапта алыска атуучу TAURUS канаттуу ракеталарын берүүгө таптакыр каршы экенин, себеби андай кадам Германияны согушка аралаштыруу катары бааланарын билдирди.

26-февралда DPA маалымат агенттиги уюштурган редакциялык конференцияда сүйлөп жатып ал "Биз бул система жете ала турган бута менен эч кандай байланышпашыбыз керек", - деп айтты.

Шольц дал ошол себептен мындай куралды берүү маселеси азыркы тапта талкууланбай турганын айтып, "Азыр Украинага Германиянын ушул нерсеси эмес, башка тийиштүү ок-дары жетишсиз болууда", - деп белгиледи.

Германиянын канцлери TAURUS ракеталарын Украинага берүүгө каршы экенин буга чейин да айтып келген жана мындай позициясын аны украин аскерлери Орусиянын аймагына атуу үчүн колдонушу ыктымал деген кооптонуусу менен түшүндүргөн. Мындай ракеталарды Киевге берүүнү Германиянын айрым оппозициялык күчтөрү талап кылууда.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбегендиктен Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG