Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Жогорку технологиялар паркынын кирешеси бир жылда эки эсе өстү


Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.
Жогорку технологиялар паркындагы иш-чаралардын бири.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 2023-жылы 7 млрд 757 млн сомдон ашык киреше менен чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган парктын негиздөөчүсү жана учурдагы директору Азис Абакиров билдирди.

Абакиров тиешелүү көрсөткүчтөрдү Фейсбуктагы баракчасына да жазды.

2022-жылы парктын резиденттеринин кирешеси болгону 4 млрд 210 миллион сомдон ашкан. Бул Жогорку технологиялар паркынын кирешеси бир жылда дээрлик эки эсе көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

Аталган паркта резиденттердин саны да 228ден 383кө чейин өскөн. Мурдагы жылы андагы жумуш орундарынын саны 1877 болсо, былтыр 2417ге жеткен.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы түзүү демилгеси көп жыл мурда сунушталып, тиешелүү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Натыйжада ал өз алдынча түзүм катары 2013-жылдан иштеп баштаган. Ал Кыргызстандын IT компанияларын көмүскөдөн чыгаруу максатында уюшулган. Парктын мүчөлөрүнө жеңилдетилген салык режими каралган.

Жогорку технологиялар паркы алгач негизделген 2013-жылы анын мүчөлөрүнүн кирешеси болгону 14 миллион сомду түзгөн. Резиденттердин кирешеси 2017-жылы 500 миллион сомдон ашып, 2020-жылы гана 1 млрд сомдон жогорулаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG