Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында Чехиянын төрт жаранын кар көчкү басып калып каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын сөзүнө караганда, кырсык 25-февралда болгон. Чехиянын 23 жараны тоого чаңгы (лыжа) тебүү үчүн чыгышкан. Алар чаңгы менен түшүп келатканда кар көчүп басып калган. 19 киши бири-бирин куткарып аман калып, төрт киши каза болгон.
Алардын сөөгү көчкү алдынан чыгарылып, Каракол шаарындагы өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. (BTo)
Дагы караңыз
Парламент комитети ЖМК долбоорун үчүнчү жолу караган жокБылтыр Кыргызстанда жол кырсыгынан 783 адам каза болдуМаданият министрлиги 2023-жылы медиаларга сегиз эскертүү берип, экөөнүн сайтын бөгөттөдүМинистрдин мурдагы орун басары 29-мартка чейин камакка алындыКазакстанда кармалган каракалпак активисти башпаанек боюнча күбөлүк алганы кабарландыБишкекте дагы 7 кичи автобус каттамы жоюлатМинистр: Көк бөрү менен кыргыз күрөшүн "Көчмөндөр оюнуна" киргизүү керекБеларустагы шайлоо өттү деп жарыяланды, АКШ жана оппозиция аны "жасалма" деп баалады