Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Бишкекте дагы 7 кичи автобус каттамы жоюлат


Эл ташыган кичи автобус. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Эл ташыган кичи автобус. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаада бир айдын ичинде 7 кичи автобустук каттам жоюлуп, ордуна автобус каттамдары киргизилет. Шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, буга чейин айрым жеке жана муниципалдык эл ташуучу компаниялар жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз тейлөө боюнча милдеттенмелерин аткарышкан эмес.

"Айдоочулар график боюнча жумушка чыгышы керек болсо да, жеке себептери менен каттамга чыккан эмес. Келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы, ошондой эле каттамды үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн тиешелүү протоколдор түзүлүп, линияны ижарага алуу келишими бир тараптуу бузулган. Бул тууралуу билдирүүлөр "Акжолтой", "Ника Плюс", "Спейсталс" жана "ЖТБ" деп аталган компаниялардын жетекчилерине жиберилди", - деп жазылган маалыматта.

Жыйынтыгында Бишкек шаарында алдыдагы бир айда кичи автобустардын 7 каттамындагы 120 кичи автобус линиядан чыгарылып, ордуна автобус каттамдары ишке киргизилет.

9-февралга карата борбордук көчөлөрдөн миңдей кичи автобус маршруттук каттамдан чыгарылган.

Мэриянын маалымдашынча, ушул тапта борбор калаада күн сайын 560 автобус, 120 троллейбус эл ташууга чыгып жатат.

Өкмөт былтыр Бишкекти миң жаңы автобус менен камсыздоону көздөп жатканын билдирген. Алардын дээрлик бардыгы газ менен жүрөт.

Шаар кеңешинин токтому менен 30-январдан тартып коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттаган. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сомду түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG