Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Маданият министрлиги 2023-жылы медиаларга сегиз эскертүү берип, экөөнүн сайтын бөгөттөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылы 22 телеканалга жана 5 байланыш операторуна пландык лицензиялык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу айтты.

Анын белгилешинче, 8 телеканалга эскертүү берилген. 10 телеканалга жана байланыш операторлоруна түрдүү талаптарды бузганы үчүн 252 миң сомдук айып пул салынган.

Чыңгыз Эсенгул уулу былтыр жыл ичи мындан сырткары маалымат агенттиктеринин ишмердүүлүгү боюнча түрдүү мазмундагы 22 арыз түшкөнүн билдирди. Мунун 8 учуру боюнча эки тараптын макулдугу менен маалыматтар сайттардан өчүрүлгөн, 4 учур боюнча медиалар маалыматты өчүрүүдөн баш тартышкан. 1 учур боюнча даттануучу арызды кайтарып алса, 2 учурду министрлик караган эмес. 4 арыз социалдык тармактардагы публикацияларга байланыштуу болгондуктан аларды өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес.

Маданият министринин орун басары калган фактылар боюнча эки маалымат агенттиги – Kloop.kg жана Nazarnews.org маалымат агенттиктери эки айга бөгөттөлгөнүн маалымдады.

2023-жылдын 19-октябрында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Nazarnews.org сайтынын ишин мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык эки айга токтотуп туруу чечимин кабыл алган. Мекеме билдиргендей, Интернеттеги маалымат мейкиндигине мониторинг жүргүзүлүп, бул сайтта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү макала жарыяланганы аныкталган.

Анын алдында, 11-октябрда Nazarnews.org сайтына “Акылбек Жапаров качан "каралар" сыяктуу кечирим сурайт болду экен?” деген макала жарыяланган. Маалымат агенттиги бул кабарды өчүрүүдөн баш тарткан.

Маданият министрлиги "фейктер" жөнүндөгү мыйзамдын негизинде былтыр "Клооптун" орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып Kloop.kg сайтын, 9-ноябрда кыргыз тилиндеги Ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алган. Ага "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материал негиз болгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл 9-февралда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Учурда Nazarnews.org, Kloop.kg жана Ky.kloop.asia сайттары Кыргызстандын аймагында ачылып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG