Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Министрдин мурдагы орун басары 29-мартка чейин камакка алынды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин мурдагы орун басары Улан Чаначев 29-мартка чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган.

Ага ылайык, Чаначев 29-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында болот.

УКМК 21-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында министрдин орун басары Улан Чаначевди кармаган.

24-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улан Чаначевди кызматынан бошоткон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги анын кармалганы тууралуу комментарий бере элек.

Улан Чаначев министрликтеги санариптештирүү, эл аралык кызматташуу, укуктук камсыздоо маселелерин көзөмөлдөчү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG