Ажылык зыяраттын наркы 3750 доллар деп чечилди

2023-жылы Кыргызстандан ажылыкка баргандар.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы – муфтият 2024-жылы ажылык сапарга баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3750 (үч миң жети жүз элүү) АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн кабарлады. Бул тууралуу маалымат мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Ушул кезге чейин 2000 долларын төлөп ажыга барууга кезекке турган талапкерлер 27-февралдан 4-мартка чейин калган 1750 долларды РСК банкына төгүшү керек.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Бул орундарга каттоону Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2023-жылдын 9-20-ноябрь күндөрү жүргүзгөн.

2023-жылы кыргызстандыктар үчүн ажылык зыярат 3900 долларды түзгөн. Былтыр 6110 кишилик квота берилген болчу.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылат. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкекте жоголгон үч бир тууган балдар табылдыЭкс-депутат Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү дагы узардыСот экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевди эки айга камакка алдыЖалал-Абадда жүргүнчүнү зордуктоого шектелген айдоочу кармалдыЗамирбек Базарбеков “кызматтан кетет” деген маалыматты четке кактыБир аптада 400дөн ашуун мас айдоочу кармалды