Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Бишкекте жоголгон үч бир тууган балдар табылды


Дайынсыз болуп, табылган бир туугандар. (Сүрөт ИИМге таандык)
Дайынсыз болуп, табылган бир туугандар. (Сүрөт ИИМге таандык)

Эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан үч бир тууган балдар: 15 жаштагы Раяна Марукова менен 11 жаштагы эгиздер Исабек жана Мусабек Маруков аман табылды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция ырастагандай, балдар Ысык-Көл облусундагы туугандарынын үйүнө кетип калышканы такталып, ошол жактан табылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы мурдараак кабарлагандай, 24-февраль күнү балдардын атасы Б. А. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып, үч тестиер балдары дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Арызда балдар Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн 24-февралда чыгып кеткен бойдон кайрылып келишпегени көрсөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG