Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:31

Замирбек Базарбеков “кызматтан кетет” деген маалыматты четке какты


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетери тууралуу коомчулуктагы сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал 26-февралда Бишкекте Жогорку соттун 2023-жылдагы ишмердиги боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Базарбеков жумуштан кетет экен, ордуна башка бирөөлөр кызыгып жатыптыр” деген сөздөр мен кызматка келгенде эле айтылып баштаган. Бул сөз көп тарап кеткен. Бул тууралуу президент да жакшы билет. Ал киши жылмайып “ай тигил жакта эмне болуп атасыңар?” деп айткан. Бизде азырынча андай сөз жок”.

67 жаштагы Замирбек Базарбеков 2022-жылдын февраль айында Жогорку соттун төрагасы болгон. Ага чейин 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, 2021-жылдын июнь айында Жогорку соттун судьясы кызматына келген.

Замирбек Базарбеков 2016-жылдан кийин азыркы президент Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн тушта анын адвокаты болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG