Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Бир аптада 400дөн ашуун мас айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдагандай, 19-25-февраль күндөрү жүргүзүлгөн кайгуул-күзөт учурунда 448 айдоочу унаасын мас абалында айдап жүргөнү аныкталган. Андан тышкары унаасын тиешелүү документтери жок айдап жүргөн 364 айдоочу кармалган.

Ошондой эле жөө адамдар тарабынан жолдо жүрүү эрежеси бузулган 1 173 учур катталган.

Акыркы аптада жалпысынан жол кыймылынын эрежелери бузулган 20 197 учур катталган, 1 431 унаа айып токтотмосуна токтотулган.

Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы былтыркы тогуз айдын жыйынтыгында мас абалында унаа айдаган айдоочулардын саны былтыркы тогуз айга караганда 13% азайганын билдирген.

Кыргызстанда былтыр 8-марттан тартып жол эрежесин бузгандарга жаза күчөтүлгөн. Анын ичинен мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Айдоочулук күбөлүгү жок машине айдагандар жети күнгө камалып, бир жылга рулга отуруу укугунан ажыратылат. Жол эрежесин үч жолу кайталап бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт.

Жол эрежелерин бузганы үчүн төлөнүүчү айып пулдар да көбөйгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG