Экс-депутат Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү дагы узарды

Жаныбек Бакчиев. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтүн 23-мартка чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бакчиев ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалууда.

Атайын кызмат Жаныбек Бакчиевди 25-октябрда кармаган. Сот алгач аны 23-декабрга чейин камап, кийин тергөө абагындагы мөөнөтүн 23-февралга чейин узарткан эле.

УКМК Жаныбек Бакчиевдин иши тууралуу деталдуу маалымат бере элек. Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

56 жаштагы Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкекте жоголгон үч бир тууган балдар табылдыСот экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевди эки айга камакка алдыЖалал-Абадда жүргүнчүнү зордуктоого шектелген айдоочу кармалдыЗамирбек Базарбеков “кызматтан кетет” деген маалыматты четке кактыБир аптада 400дөн ашуун мас айдоочу кармалды