Бишкекте жоголгон үч бир тууган балдар табылды

Дайынсыз болуп, табылган бир туугандар. (Сүрөт ИИМге таандык)

Эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан үч бир тууган балдар: 15 жаштагы Раяна Марукова менен 11 жаштагы эгиздер Исабек жана Мусабек Маруков аман табылды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция ырастагандай, балдар Ысык-Көл облусундагы туугандарынын үйүнө кетип калышканы такталып, ошол жактан табылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы мурдараак кабарлагандай, 24-февраль күнү балдардын атасы Б. А. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына кайрылып, үч тестиер балдары дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Арызда балдар Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн 24-февралда чыгып кеткен бойдон кайрылып келишпегени көрсөтүлгөн. (ErN)

Дагы караңыз

Сот экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевди эки айга камакка алдыЖалал-Абадда жүргүнчүнү зордуктоого шектелген айдоочу кармалдыЗамирбек Базарбеков “кызматтан кетет” деген маалыматты четке кактыБир аптада 400дөн ашуун мас айдоочу кармалдыЗамирбек Базарбеков соттор толук көз карандысыз боло электигин айттыЗеленский: согушта 31 миң украин аскери набыт болду