Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:16

Замирбек Базарбеков соттор толук көз карандысыз боло электигин айтты


Замирбек Базарбеков. 26-февраль, 2024-жыл.
Замирбек Базарбеков. 26-февраль, 2024-жыл.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда соттор толук көз карандысыз боло элек экенин айтты. Бул тууралуу ал 26-февралда Бишкекте Жогорку соттун пленуму боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Замирбек Базарбеков сот реформасын аягына чыгаруу үчүн соттордун айлыгын көбөйтүү, сотторду ротация кылуу иштери жүрүп жатканын, бул ишти аягына чыгаруу бир гана сот системасына көз каранды эмес экенин кошумчалады.

“Соттор жогорку бир деңгээлде көз карандысыздыкка жетти десек жаңылган болобуз. Карапайым элдин, коомчулуктун арасында “соттор көз карандысыздыкка жете элек” деген сөздөр айтылып жатат. Мен деле ага кошулат элем. Анын себеби, соттор толук көз карандысыздыкка жетти деп сот реформасынын жыйынтыгы менен айтсак туура болот”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын аягында Кыргызстанда акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалымат боюнча, сот тармагына 2020-жылы 1,2 млрд сом берилсе, 2023-жылы 3,5 млрд сом бөлүнгөн.

Кыргызстанда бардык президенттердин тушунда соттордун чыгарган чечимдерине нааразылык айтылып, бийликтен чыныгы сот реформасын жүргүзүү талап кылынып келе жатат. (BTo/EBM)

XS
SM
MD
LG