Бишкекте айрым кыргызстандыктар Украинага тилектештик билдирди

Украинага тилектештик билдирген кыргызстандыктар.

Бишкекте 20 чакты активист, жарандар 24-февралда Бишкектеги Украинанын Кыргызстандагы элчилигине барды. Алар соңку толук эки жылдан бери
Орусия менен согушуп жаткан бул өлкөгө тилектештигин билдирди. Алар эки жылдын ичинде курман болгондорду эскерип, Москванын Киевге каршы агрессиясын айыпташты. Активисттер менен украин элчиси Валерий Жовтенко баштаган дипломаттар жолугуп, ыраазычылык билдиришти.

Мунун алдында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги дагы Киевге тилектештигин билдирип, элчиликтин имараты Украинанын желеги сымал сары-көк түстөр менен жарыктандырылганын кабарлаган. Ал иш-чарага эки өлкөнүн элчилери Лесли Вигери менен Валерий Жовтенко баштаган адамдар катышкан.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет.

Кремль көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

Дагы караңыз

Тажикстанда коррупция тууралуу китептин автору менен ага жардам бергендер соттолду Жалал-Абад шаарында беш электробус каттамга чыгып жататАКШнын Кыргызстандагы элчилиги Украинага тилектештик билдирдиНавальныйдын апасын уулунун тажыясын жашыруун өткөрүүгө мажбурлап жатышканы кабарландыАвстриянын экс-канцлери жалган көрсөтмөсү үчүн сегиз айга шарттуу кесилдиСемиз-Бел менен Кызартта күн жана шамал электр станциялары курулатУкраина Орусиянын экинчи А-50 учагын атып түшүргөнүн билдирди