Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Украинага тилектештик билдирди


Элчилик тараткан сүрөт.
Элчилик тараткан сүрөт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги соңку эки жылдан бери Орусиянын агрессиясына каршы согушуп жаткан Украинага тилектештигин билдирди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"АКШ өз мекени үчүн салгылашып жаткан украин элин колдойт. Орусиянын Украинага толук басып киришине эки жыл толгонуна карата АКШ элчилиги көк жана сары түстөр менен жарыктандырылды",- деп жазылган маалыматта.

Бул иш-чарага АКШ менен Украинанын Кыргызстандагы элчилери Лесли Вигери менен Валерий Жовтенко баштаган адамдар катышты.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет. Кремль көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG