Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:28

Украина Орусиянын экинчи А-50 учагын атып түшүргөнүн билдирди


A-50 учагы. Архивдик сүрөт.
A-50 учагы. Архивдик сүрөт.

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн кол башчысы Николай Олещук Орусиянын экинчи А-50 үлгүсүндөгү тыңчы учагы Краснодар аймагында атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Учактын кыйраганы тууралуу бир катар орусиялык булактар дагы кабарлады. Социалдык тармактарда асмандан атылганы, кыйрап жерге түшкөндөгү өрт чыккан маал тартылды деген видеолор тарады.

"РИА Новости" агенттигине Краснодар аймагынын чукул кызматтарынын өкүлү белгисиз учуучу аппарат кулап түшкөнүн, ал жерде камыш күйүп жатканын билдирди.

Өткөн айда Украина Орусиянын эки учагын - алыстан аныктоочу радиолокациялык А-50 учагы жана Ил-22 абадан башкаруучу пункту жок кылынганын билдирген. Киев аны “эң мыкты пландалган жана ишке ашырылган операция” катары сыпаттаган.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жок кылынганы айтылып жаткан учактар тууралуу кабары жок экенин, Коргоо министрлигине кайрылуу керектигин айтткан.

XS
SM
MD
LG