Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22

Навальныйдын апасын уулунун тажыясын жашыруун өткөрүүгө мажбурлап жатышканы кабарланды


Людьмила Навальная.
Людьмила Навальная.

Орусияда түрмөдө каза болгон оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын апасы Людмилага тергөөчүлөр уулунун тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо аны абактын аймагына жерге берип салышарын айтып ультиматум коюшту. Бул тууралуу маркум саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш кабарлады.

“Алексейдин апасы Людьмила Навальнаяга тергөөчүлөр чалып "же жашыруун тажыя өткөрөсүң, же болбосо оппозиционерди абакта көмөбүз" деп ультиматум коюшту. Ал тергөөчүлөр менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Анткени алардын уулун кантип кайда жерге берерин чечүүгө укугу жок”, - деп билдирди Ярмыш.

Ал Людмила Навальная тергөөчүлөрдөн мыйзамды сактоону талап кылып жатканын, уулунун өлүмүнүн себеби аныкталгандан кийин эки күндүн ичинде анын сөөгү туугандарына берилиши керектигин айтканын маалымдады.

Мунун алдында он миңдеген адам Навальныйдын сөөгүн үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүнү талап кылып Орусиянын Тергөө комитетине кайрылган. Алардын арасында таанымал, белгилүү адамдар дагы бар.

22-февралда Людмила Навальная ага уулунун сөөгүн көрсөтүшкөнүн, бирок бербей жатканын айткан видеобилдирүү жарыялаган.

Буга чейин Тергөө комитети Навальныйдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн анын сөөгү экспертизага жөнөтүлгөнүн, жыйынтыгы эки аптадан кийин чыгарын билдирген.

Саясатчынын жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн өлүмүн орус президенти Владимир Путинден көрүүдө. Бир катар Батыш лидерлери дагы Навальныйдын өлүмү үчүн Путин жоопкер экенин белгилешти.

47 жаштагы Алексей Навальный 16-февралда Ямало-Ненец автоном аймагындагы түрмөдө каза болгону кабарланган. 20-февралда Людмила Навальная Путинге жасаган видеокайрылуусунда уулунун сөөгүн кайтарып берүүнү талап кылган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков сөөктү өткөрүп берүү маселеси расмий Москванын “иши эмес экенин” айткан.

XS
SM
MD
LG