Жайылда төрөттөн каза болгон келиндин өлүмү боюнча иш козголду

Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Жайыл райондук ички иштер бөлүмү райондун аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон 36 жаштагы Гүлмира Мамбетованын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Милицияга маркумдун жолдошу Тынчтыкбек Өмүрзаков арыз жазган.

Гүлмира Мамбетова 12-февралда Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон. Анын жакындары дарыгерлерди күнөөлөп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяга байланыштуу аталган райондук оорукананын директору, анын дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым кызматтан бошотулганын билдирген. Аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилген.

Жыл башынан бери Кыргызстанда төрт аял төрөттөн көз жумду. 3-январда Талас районундагы Каракойчу Токтогулов атындагы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 23 жаштагы келин, 14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган. 5-февралда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево операциясы учурунда каза тапкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон. (BTo/KE)

Дагы караңыз

Өзбекстан менен Ооганстан темир жолдун реконструкциясын баштадыАкыйкатчы абактагы бейтап курулушта иштегенин сындадыИйгиликтүү иш баштоого үйрөткөн бестселлер кыргыз тилинде чыктыБШК Матраимов менен Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыУкраин армиясы Херсондо орусиялык аскерлер машыгып жаткан полигонго сокку урулганын ырастады11 журналисттин иши: сот телефондорду мыйзамсыз текшерүү боюнча арызды четке кактыЫсык-Көлдө окуучуга кол көтөргөн мугалимдин окуясы териштириле баштадыТокаев Орусиядагы шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санабасын айтты